Уктатпачы мени, жазгы жаан сөзі

Самара Каримова

0
0

Бөлісу:


Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Сыйкырдуу түн сырын тыңшайын.
Келе жаткан көктөм кабарын,
Бөлүшүүгө таңды жумшайын.

Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Жашыл дүйнө шаңын саамайын.
Ага арналган ыйык саптардын,
Алгачкысы болуп калайын.

Эргүүлөргө толуп көңүлүм,
Эртеңдерге үмүт улайын.
Жазда күтчү сүйүү баянын,
Жүрөктөргө шыбыр улайын.

Уктатпачы мени, жазгы жаан,
Ойлор кыйнайт сырлар ачылбай.
Шолоктогон жашка айлана,
Сагынуулар менде басылбай.
Самара Каримова, Самара Каримова, Уктатпачы мени, жазгы жаан, Уктатпачы мени, жазгы жаан сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016