Сени ойлосом... сөзі

Самара Каримова

0
0

Бөлісу:


Сени ойлосом канат бүткөн өмүргө,
Бек сактадым жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын нурун чачкан өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынам,
Жагымдуусуң, жаным, сага жагынам.
Кирпик какпай таң атырган далай түн,
Карааныңды бир көрүүгө зарыгам.

Сен унутсаң, мен унута албадым.
Элесиңди көңүлгө бек сактадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?

Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
Самара Каримова, Самара Каримова, Сени ойлосом..., Сени ойлосом... сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016