Мен дүйнөнү апам менен тааныгам сөзі

Самара Каримова

2016

0
0

Бөлісу:


Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.

Сөзү: Фатима Абдалованыкы
Обону: Т.Колдошовдуку
Самара Каримова, Самара Каримова, Мен дүйнөнү апам менен тааныгам, Мен дуйнону апам менен тааныгам сөзі, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін түзеткен

28.02.2016
Қолданушылар

GM

Бейнеклип
Самара Каримова
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам