Биз экөөбүз сөзі

Самара Каримова

2016

0
0

Бөлісу:


Билбейм кайдан жаралгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай!

Же болбосо сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо, айтчы, жаным эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?

Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.

Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
Самара Каримова, Самара Каримова, Биз экөөбүз, Биз экообуз сөзі, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Сөзін қосқан

03.06.2016