Баргым келет апама сөзі

Самара Каримова

2016

0
0

Бөлісу:


Ар бир жандын аман болсун апасы,
Чексиз бакыт апалардын батасы.
Ойлой берем ишимде да, үйдө да,
Апакемдин болбосо деп капасы.

Арылбаган ырыскынын кемеси,
Ар бир жандын эсен болсун энеси.
Апам барда дүйнө түгөл, баш эсен,
Тоодой кубат жанда жүргөн элеси.

Бакыт балкып, бакта гүлү жайнаган,
Балалыкка булбул кушу сайраган,
Баргым келет, баргым келет апама,
Балтыр бешик бала болуп кайрадан.
Самара Каримова, Самара Каримова, Баргым келет апама, Баргым келет апама сөзі, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

23.02.2016
Бейнеклип
Самара Каримова
Баргым келет апама