Бакытка тунуп турам сөзі

Самара Каримова

2015

0
0

Бөлісу:


Бакытты эмне десем, баланын өзү тура.
Жанымды элжиреткен, жагымдуу сөзү тура.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.

Өзүңө жаным балам көңүлүм буруп турам,
Жанымда сен бар үчүн, жазылып күлүп турам.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.

Сен менин алтынымсың
Барсбегим, таалайымсың,
Айланып кетейиним
Сен менин бакытымсың
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Самара Каримова, Самара Каримова, Бакытка тунуп турам, Бакытка тунуп турам сөзі, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

10.02.2016