Ак куулар сени сагынар сөзі

Самара Каримова

0
0

Бөлісу:


Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.

Тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмушта,
Жолуксам деймин тезирээк.

Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.

Алманын гүлдүү шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар.
Акыры көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.
Самара Каримова, Самара Каримова, Ак куулар сени сагынар, Ак куулар сени сагынар сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016