Жаздагы кусалык сөзі

Сайра Момунбаева

0
0

Бөлісу:


Карманар сүйүүм жел болуп узап,
Күйүткө үмүт жем болуп турат
Жамгырлуу жаздан өзүмдү таппай
Жашоомдун тузу кем болуп турат

[Кайырма]
Токтобой жашоо агылып дайра,
Жанчылган сезим жаңырып кайра.
Бактылуу күндөр байкалар бир күн,
Жоготкон сүйүүм табылып кайра.

Жанаша жүрүп баркыңды сезбей
Баркыңа чындап калдымбы жетпей
Кайрылып кайра келсечи күндөр
Экөөбүз жүргөн салкындуу кечтер

[Кайырма]

Өмүрдөн өксүп аргамды таппай,
Кысылып турам ааламга батпай.
Жаңы эле ачкан бүчүрүн ачкан,
Мен болдум жазда кыйылган бактай.
Сайра Момунбаева, Сайра Момунбаева, Жаздагы кусалык, Жаздагы кусалык сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

04.07.2016