Алдым ыйлап сөзі

Роза Шакирова

2015

0
0

Бөлісу:


Негедир куштар бүгүн муңдуу сайрайт,
Түгөйүн жоготконсуп мага окшоп.
Бороонго бетти тосуп алдым ыйлап,
Алдым ыйлап, алдым ыйлап,
Бейтааныш бирөөнү мен сага окшотуп.

Тунжурап терең ойго малынамын,
Сүйүүгө миң кайталап зарыгамын.
Жаштык кез опурталдуу учур экен,
Учур экен, учур экен,
Билбеймин, дагы канча зарыгамын.

Алаксып карай берем, сыздап жүрөк,
Качанкы бирге түшкөн сүрөтүңдү.
Мен эми унутпасмын айта берип,
Айта берип, айта берип,
Качанкы бирге түшкөн сүрөтүңдү.
Роза Шакирова, Роза Шакирова, Алдым ыйлап, Алдым ыйлап сөзі, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

12.02.2016