Кош жүрөк сөзі

Расул Маматкулов

0
0

Бөлісу:


Көзүңдөн мөлтүрөгөн карагаттай,
Кайталап карай берем канагатпай.
Сен мени түшүнсөңчү, карындашым,
Сүйүүмө муздак шамал аралатпай.

Ойлонгун күндө мени сагалатпай,
Эзилтип жүрөгүмдү жаралатпай.
Оюма түшө калсаң кечиндеси,
Ойлонуп жата берем таң да атпай.

Бул сүйүү сага деген өтө терең,
“Жок” десең жүрөк менен ыйлай берем.
Сен келип бек кучактап “сүйөм” десең,
Түбөлүк ырахатка батат белем?..

Расул Маматкулов, Расул Маматкулов, Кош жүрөк, Кош журок сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016