Сүйкүм элес сөзі

Орозгүл Токторбаева

0
0

Бөлісу:


Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?

Жазылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.

Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.

Орозгүл Токторбаева, Орозгул Токторбаева, Сүйкүм элес, Суйкум элес сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016