Сагынган жанмын сага окшоп сөзі

Орозгүл Токторбаева

0
0

Бөлісу:


Өрттөндүм дебе жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам, жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көңүлдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турам төгүлүп.

Мезгилдин күткөн маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн үзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң аткан,
Сагынычым төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшоп.





Орозгүл Токторбаева, Орозгул Токторбаева, Сагынган жанмын сага окшоп, Сагынган жанмын сага окшоп сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016