Эсиңдеби сөзі

Ордо Сахна

2015

0
0

Бөлісу:


Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн.

Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп, күлүп бирге жүрдүк жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.

Бирок мезгил өткөн сайын нарылап,
Тетири карап буруласың ар убак.
Азап тартып, арман күчөп жүрөгүм,
Жүрөгүмдү үмүт менен дарылап.
Ордо Сахна, Ордо Сахна, Эсиңдеби, Эсиндеби сөзі, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

11.02.2016