Менин да сүйүүм ушундай сөзі

Нурлан Насип

0
0

Бөлісу:


Музыкам сен болдуң,
Муз эрип жүрөктөгү.
Муңумду таратып,
Жылмайып күлөт пери.
Эңсетип өзүңдү,
Эмне эле күн өтпөдү?
Ээлигип жай бербей,
Жүрөгүм сүйөт сени.

[Кайырма]
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап
Бакыттын кушун учурбай.

Көздөрүң балбылдап
Көңүлдүн шам чырагы.
Көзүңдүн жарыгын
Башкалар мендей туябы?
Күлгөнүң шыңгырап,
Туптунук тоо булагы.
Күмүштөй күлкүңдү
Бөлөктөр мендей угабы?

[Кайырма]
Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай.
Нурлан Насип, Нурлан Насип, Менин да сүйүүм ушундай, Менин да суйуум ушундай сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016