Сенин көзүң сөзі

Мыктыбек Нурланбеков

0
0

Бөлісу:


Сенин көзүң чексиз терең,
Сезимиме жаралган.
Сенделемин сага жетпей,
Секетим, ай бар арман.
Чырайыңан күн уялып,
Гүлдөр кубат ала алган.
Жоолугуңа куп жарашып,
Чачың кундуз карарган.

Каректериң шуру сымал,
Карагаттай шактагы.
Үлбүрөгөн жүзүң сенин,
Жүзүң аппак пахтабы?
Сылагандай саамайыңдан,
Сыдырым жел ак таңы.
Магдыраттың мени, жаным,
Махабаттын асманы.

Шыңга боюң, тула боюң,
Чыбык бекен, тал бекен?
Жамалыңдын тунуктугу,
Жаздагы аткан таң бекен?
Күлкүң булак шыңгыр добуш,
Сөзүң асел бал бекен?
Бул дүйнөдө мен эңсеген,
Сендей сулуу бар бекен?
Мыктыбек Нурланбеков, Мыктыбек Нурланбеков, Сенин көзүң, Сенин козун сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Сөзін қосқан

24.11.2017