Жеңе сөзі

Мирлан Баеков

2016

0
0

Бөлісу:


Жумушум бардай байкеде эле,
Үйүңө барам атайын эле.
Ийилип сунган чайыңды унутуп,
Суктанып кечке караймын неге.
Караймын неге, караймын неге,
Карегим сизге кадалат жеңе.

Ак сүйүү болсо, кечиктим беле,
Армандуу ишке кезиктим беле.
Жылмайып мени карап коййсоңуз,
Сезиле берет сүйгөндөй эле.
Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле,
Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе.

Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
Айта алайм эми сүйүүмдү деле.
Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке,
Алыс жүрөйүн аттиң, ай жеңе.
Аттиң, ай жеңе, аттиң, ай жеңе.
Арманда сыздайм сүйбөсөңнеге.
Аттиң, ай жеңе, айылдаш жеңе.
Арманда сыздайм сүйбөсөң неге.
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе.

Сөзү: Жакут Сыдыков
Обону: Жакут Сыдыков
Мирлан Баеков, Мирлан Баеков, Жеңе, Жене сөзі, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Сөзін қосқан

23.04.2016