Биздин айыл сөзі

Майрамбек Осмонов

0
0

Бөлісу:


Айланасын тоолор курчаган,
Кайда барсам эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.

[Кайырма]
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.

Шыңгыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.

[Кайырма]

Ыйыктыгың сенин билемин,
Сүттөй таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.

[Кайырма]
Майрамбек Осмонов, Майрамбек Осмонов, Биздин айыл, Биздин айыл сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016