Бейпил болсун түнүңөр сөзі

Майрамбек Осмонов

0
0

Бөлісу:


Күн нуру батып күүгүмдөп,
Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп.
Уйларын сааган энелер,
Дасторкон жаят күлүңдөп.

[Кайырма]
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.

Азайып элдин агымы,
Карайып көчө жарыгы.
Уйкуга чөгүп баратат
Тынчы жок турмуш кайыгы.

[Кайырма]
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.

Эс алуу үчүн жаталы,
Эске албай кайгы-капаны.
Эсен-соо өтсүн түнүбүз,
Жараткан берип батаны.

[Кайырма]
Караңгы улам коюлап,
Жатууга достор, болду убак.
Түнүңөр бейпил болсун деп,
Калалы биз да кол булгап.



Майрамбек Осмонов, Майрамбек Осмонов, Бейпил болсун түнүңөр, Бейпил болсун тунунор сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016