Бөлісу:


Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур жар-жар.

Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз жар-жар.

Алтын ордо гүл бакча,
Калалуу бол жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол жар-жар.

Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн жар-жар.

Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң жар-жар.

Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун жар-жар.

Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн жар-жар.
Кыял Батырканова, Майрамбек Осмонов, Кыял Батырканова, Майрамбек Осмонов, Жар-жар, Жар-жар сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Пікірлер

бегай

18 Қараша 2016

en sonun

GM

Сөзін қосқан

03.07.2016