Кечинде келемин сага сөзі

Кенже Дүйшеева, ЖЕБЕ тобу

2015

0
0

Бөлісу:


Кечинде келемин сага,
Жылдыздарды аралап.
Сен үчүн гүлдөрдөн эмес,
Жылдыздардан букет жасап.
Жанып турган жалгыз айга,
Жалынамын адатымча.
Көрбөй калып сумсайбайын,
Сен жылмайганда, сен жылмайганда.


Кайырма:
Билесиңби сенин көзүңдө,
Сыйкырдуу күч бардай өзүнчө.
Бир кадам да алыс бастырбай,
Тартат өзүнө, тартат өзүнө.

Кечинде келемин сага,
Кумарланып махабатка.
Себелеген жазгы жамгыр,
Жашынабыз ак кайыңга.
Тартып алдым кучагыма,
Аяп сени ак жамгырдан.
Аруу сезим арабызды,
Жакындатканда, жакындатканда...

Кайырма:
Кенже Дүйшеева, ЖЕБЕ тобу, Кенже Дуйшеева, ЖЕБЕ тобу, Кечинде келемин сага, Кечинде келемин сага сөзі, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

17.02.2016