Сен мага керексиң Ильич Бейшенбеков

2016

0
0

Бөлісу:


Сөзі



Тушалган махабатка багынам,
Туңгуюк сезимге кармалам.
Ансайын сүйүүм күчөп ар убак,
Ардагым сага тартылам.
Колуңду кармайын,
Сүйүүмдү айтайын,
Мезгилсиз жаап жаткан жамгырдай.
"Сүйөм" деп алдадың,
Күтүүдөн тажадым,
Ашык эмес күткөнүмбү жалган.

Кайырма:
Сен мага керексиң,
Сезимимде белексиң,
"Сүйөм" деп айтчы мага.
Сен мага керексиң,
Сен деп жашап келемин,
Жүрөгүм арнайм сага.

Күтүүнүн муңга толуп жүрөгүм,
Күтүүдөн сен депп өтөмбү?
Күйүттөн жүрөгүмө ок түшүп,
Арманым сенсиз өтөмбү?
Колуңду кармайын,
Сүйүүмдү айтайын,
Мезгилсиз жаап жаткан жамгырдай.
"Сүйөм" деп алдадың,
Күтүүдөн тажадым,
Ашык эмес күткөнүмбү жалган.

Сөзү: Ильич Бейшенбековдуку
Обону: Ильич Бейшенбековдуку




Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Қосқан

30.03.2016
Бейнеклип
Ильич Бейшенбеков
Сен мага керексиң