Жүрөк сезет сөзі

Ильгиз Абдалиев

0
0

Бөлісу:


Кайда менин, кайдасың, көгүчкөнүм?
Түштө көрүп, өңүмдө көрүшпөдүк.
Көлдө сүзүп жүргөн бир ак куу болбо?
Көп издедим өзгөчө, көп издедим.

Кайда менин, кайдасың, карлыгачым?
Үмүт отун сезимге жандырасың.
Жымыңдаган көктөгү жылдыз болуп,
Качан келип эңсөөмдү кандырасың?

Каркыралар кайдадыр шашып барат,
Кыркар тарткан тоолорду ашып барат.
Ошолордун тобунда өзүң болбой,
Сагынычым жүрөктөн ташып барат.

Жүрөк сезет аз калды табарыма,
Жакындаштык жолугуу абалына.
Бизди бир күч жетелеп бара жатат,
Махабаттын жашыл жээк аралына.
Ильгиз Абдалиев, Ильгиз Абдалиев, Жүрөк сезет, Журок сезет сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

03.07.2016