Гүлжигит Сатыбеков Жакшы адамдар доско бай (0) сөзі

Жакшы адамдар доско бай сөзі

Гүлжигит Сатыбеков

0
0

Бөлісу:


Эгер болсо таарыныч,
Не кыласың таарынып?
Өткөн өттү кел, досум,
Келечекке кам уруп,
Жайнамазга баш уруп.

Жакшы адамдар доско бай,
Көңүл сүйгөн достор бар.
Бири-бириңди чансаң да,
Тарых чанбас жолдор бар.
Гүл өстүрүп көңүлгө,
Не бир сонун сөздөр бар.
Өз апаңдай тиктеген,
Мээрим толгон көздөр бар.

Жакшылыктар көп болуп,
Кудай көзү түз болуп.
Жүрөйүнчү түбөлүк
Досторума дос болуп,
Бактылуулук коштолуп.

Жакшы адамдар доско бай,
Аке-үкө достор бар.
Жакшы күндөр көп болот,
Бизди күткөн тойлор бар.
Бал тамызып көңүлгө,
Не бир ширин сөздөр бар,
Наристедей тиктеген,
Таза, тунук көздөр бар.

Кандай адам доско бай,
Жүрөгү от шоктор бар.
Беш маал намаз окуган,
Ыйман толгон достор бар.
Нур тамызып жүрөккө,
Не бир хадис кептер бар.
Досту досум деп билип,
Кадырына жеткен бар.






Пікірлер

элдос

07 Қыркүйек 2016

эн сонун!

Акак

28 Қыркүйек 2016

Ийгилик Сизге эн соонун алтын создор!

зор ыр екен

21 Желтоқсан 2016

зор ыр екен

GM

Сөзін қосқан

04.07.2016