Гүлжигит Сатыбеков Апакем (0) сөзі

Апакем сөзі

Гүлжигит Сатыбеков

0
0

Бөлісу:


Апаке, чарчадың го түйшүктүн сапарынан,
Жашырып билдирбейсиң кабагыңдан.
Баарысын көрүп турам, Буурул баскан саамайыңдан.

Бар болчу бактыбызга,
Медерим, кагылайын.
Апаке, аман жүрчү,
Апаке, аман жүрчү, анайын.

Мезгилдер шашса дагы, карыбас болсоң кана,
Ошону тилей берем, жаным апа.
Жашарып жылдан-жылга, Тоо гүлүндөй турсаң кайра...

Берейин жаштыгымды,
Берекем, кагылайын.
Апаке, карыбачы,
Апаке, карыбачы, анайын...

Мен эми барктап билем, апаке, эмгегиңди,
Өстүрүп адам кылдың тентегиңди.
Сезбепмин ойноп жүрүп,
Карылыкка келгениңди.

Бар болчу бактыбызга,
Байлыгым, кагылайын.
Апаке, аман жүрчү,
Апаке, аман жүрчү, анайын.






Пікірлер

Жадыра

17 Қыркүйек 2016

жакшы ыр экенго

GM

Сөзін қосқан

02.07.2016