Гүлжигит Сатыбеков Агенттеги махабат (0) сөзі

Агенттеги махабат сөзі

Гүлжигит Сатыбеков

0
0

Бөлісу:


Биз агенттен таанышканбыз жаңы эле,
Тизмегимде сендей кыздар аз эле.
Күнү-түнү тажабай, күнү-түнү тажабай,
Биздин сөздөр бүтпөй келет дагы эле.

[Кайырма]
Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
СМСке бир да жооп ала албайм,
Анда эмесе блогумдан жазайын.
Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым...

Ооба, селки, болом дейсиң Нарындан,
Бирок сени көрбөгөнмүн, тааныбайм.
Бирде калат жазылып, кээде калат жашынып,
Мүнөзүң бар тамашага таарынган.

[Кайырма]
Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
Тажабастан сүйүү сөзүн жазышып,
Макул болчу жолугууга барайын.
Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым?
Тосуп алчы жолугууга барайын...

Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
СМСке дагы жооп ала албайм,
Анда эмесе блогумдан жазайын.
Бүгүн неге жүрөк турат, каралдым?
Макул десең жолугууга барайын...






Пікірлер

НУРТИ

23 Қантар 2017

ВООБЩЕ КЛАССНООО

талгар

25 Қараша 2017

ооо сонун

GM

Сөзін қосқан

02.07.2016