Чагылган сөзі

Гүлзат Байзакова

0
0

Бөлісу:


Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол күндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Гүлзат Байзакова, Гулзат Байзакова, Чагылган, Чагылган mp3 жүктеу, сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

02.07.2016