Сезимди алдоо кыйын да сөзі

Гүлназ Бекбосун кызы

0
0

Бөлісу:


Жамалың толгон жай белең,
Же жайда тийген ай белең?
Жылт этип бир жолу көрүнбөй
Жыйырма жыл мурда кайда элең?

Өмүрдү сүрдүк өмүрдөй,
Өтмөкпүз толук төгүлбөй.
Ойнодуң неге жашынмак?
Отуз жыл мурда көрүнбөй.

Чачыңды кыроо чалганда,
Чак түштөн ооп калганда
Өзөккө ысык өрт салып,
Өзүң да калдың арманда.

Мезгилдер өттү чынында,
Мен айткан сөзгө кыйылба.
Секетим, кечир кантейин,
Сезимди алдоо кыйын да.
Гүлназ Бекбосун кызы, Гулназ Бекбосун кызы, Сезимди алдоо кыйын да, Сезимди алдоо кыйын да сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Сөзін қосқан

09.11.2017