Каалайсыңбы сөзі

Эрмек Маматов

0
0

Бөлісу:


Каалайсыңбы мен шүүдүрүм болоюн,
Көз жашыңдай мөлт деп чөпкө кулаган.
Үшкүрүктү шамал кылып коёюн,
Үлбүрөтүп саамайың сылаган.

[Кайырма]
Не кааласаң ошолоруң болоюн,
Асман, жериң, күнүң, айың, шамалың.
Суранарым кыйыны да оңоюн,
Сүйөм деген жалгыз сөзгө жарагын.

Каалайсыңбы сен уктасаң ийилип,
Көлөкөлөп талың болуп өсөйүн.
Ошончолук канча болсо тирүүлүк,
Өзүң менен бир жашап өтүйүн.

[Кайырма]
Не кааласаң ошолоруң болоюн,
Асман, жериң, күнүң, айың, шамалың.
Суранарым кыйыны да оңоюн,
Сүйөм деген жалгыз сөзгө жарагын.
Эрмек Маматов, Эрмек Маматов, Каалайсыңбы, Каалайсынбы сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

06.07.2016