Асыл эркем сөзі

Эрмек Маматов

2015

0
0

Бөлісу:


Тагдырдан жалынып мен сурап келген,
Эңсеп келген кыялымды берчи дегем.
Жан дүйнөм куса болуп ооруп келет,
Кайрылып келчи асыл эркем.


Кайырма:
Асыл эркем кайрылып келчи,
Жан биргемден мен айрылдым.
Жүрөк ыйлап, жаным сыздап,
Кала бердим өмүрүмдүн кемесин жалгыз айдап.

Күтүп келем мен күтүүдөн тажабай,
Жүрөгүм сыздап келет кумарым канбай.
Жашоонун кызыгы жок ишенгин, ишенгин сен,
Кайрылып келчи асыл эркем.

Кайырма:
Асыл эркем кайрылып келчи,
Жан биргемден мен айрылдым.
Жүрөк ыйлап, жаным сыздап,
Кала бердим өмүрүмдүн кемесин жалгыз айдап.
Эрмек Маматов, Эрмек Маматов, Асыл эркем, Асыл эркем сөзі, 2015
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

16.02.2016