Кош бол, сүйгөнүм сөзі

Дайыр Исмадияров

0
0

Бөлісу:


Бактысыз жаным, бактылуу болгун,
Бош эми жолуң, бош эми колуң.
Таалайлуу болгун, тагдырлаш жолум,
Талкалап кетти тартылган торун.
Ызгаарлар учуп, уямды бузуп.
Ууланды сүйүүм, демимди кысып,
Ушуга жетти, турмуштун кеги,
Кечирдим сени, кечиргин мени.

[Кайырма]
Жүрөгүм жалын, өрттөнүп багым.
Жүдөдү жаным, сынганда шагым.
Кош бол сүйгөнүм, кош бол сүйгөнүм.
Буйруксуз жарым, буйрубай калдың.

Кериле тарткан, көшөгө бошоп,
Көгөрбөй калды, көктөсө болмок.
Жылдыздар жанбай, жылуулук таппай,
Жылт этип өчтү, армандуу боздоп.
Жүрөк кылдары, муңдуу ырдады,
Жаштык жылдары, жаным кыйналды.
Жашоого көнүп, жазганын көрүп,
Жашап келемин, жалыным төгүп.

[Кайырма]
Дайыр Исмадияров, Дайыр Исмадияров, Кош бол, сүйгөнүм, Кош бол, суйгонум сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Сөзін қосқан

08.12.2017