Күлгүн жаш сөзі

Бакыт Шатенов

0
0

Бөлісу:


Таңдагы гана чолпон оо, өңдөнүп,
Жаркылдап сүйкүм күлүшүң.
Жыргаткан бозой мүнөзүң,
О чиркин, жаштыктын жыпар гүлүсүң.

Акылың тунук булактай,
Аркар көз күйгөн чырактай.
Эмгекте бирге баратсак,
О чиркин, калбастыр арман тырмактай.

Мен булбул гана таңда шаңшыган,
Сен бир гүл тоодо аңкыган.
Абадагы ээ-эй сен чолпон,
О,чиркин айдай жүзүң балкыган.

Өмүрдүн алыс сапарын,
Айдасак деймин кайыгын.
Жаштыктын алтын көлүнөн,
Кармасак алтын балыгын.


Бакыт Шатенов, Бакыт Шатенов, Күлгүн жаш, Кулгун жаш сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

02.07.2016