Эсиңдеби, курбум, баягы?.. сөзі

Асылбек Өзүбеков

0
0

Бөлісу:


Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.

Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.

Асылбек Өзүбеков, Асылбек Озубеков, Эсиңдеби, курбум, баягы?.., Эсиндеби, курбум, баягы?.. сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

26.06.2016