Жакшы көрөм түбөлүк сөзі

Асель Кадырбекова, Нурлан Насип

0
0

Бөлісу:


Күлсөң эгер назарыңдан,
Күн шооласы чачылат.
Күлмүңдөгөн ажарыңдан,
Көңүл чери жазылат.

Карегиңде бир сырың бар катылган,
Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган.

[Кайырма]
Селкинчек сезимдерге күүлөнүп,
Сейил куруп жүрөлүк.
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк.
Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп,
Жанашып биз жүрөлүк.
Жан дүйнөм ашыктыкка берилип,
Жакшы көрөм түбөлүк.

Жылытасың илебиңе,
Жалындаган от сындуу.
Жакындашып тилегиме,
Жаштыкка нур коштуңбу?

Бийиктеги махабат жылдызымды,
Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?

[Кайырма]
Асель Кадырбекова, Нурлан Насип, Асель Кадырбекова, Нурлан Насип, Жакшы көрөм түбөлүк, Жакшы кором туболук сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Пікірлер

Гуля

26 Қараша 2016

уккан сайын уккум келет

GM

Сөзін қосқан

26.06.2016