Бир өзүңдү сагынам сөзі

Арстан Абдылдаев

0
0

Бөлісу:


Көөдөнгө батпай кусалык,
Ойлорум барат узарып.
Көңүлүм сага бурулуп,
Байкатпай сүйүү күч алып,
Жаралдың менин бактыма.
Жайдары, тунук, таптаза,
Жибектей назик мүнөзүң,
Жаркылдап жаным, күлөсүң.

[Кайырма]

Асылымсың, ардагымсың,
Жараткан берген бактымсың.
Бир өзүң деп жашап келем,
Жашоомдун сен жарыгысың.

Көздөрүң сенин жайнаган,
Карегиңден мен кагылам.
Элесиң чыкпай эсимден,
Сагынамын, сагынам.
Эстесем таттуу сөзүңдү,
Эзилет менин жүрөгүм.
Илебиң өрттөп сезимди,
Бир өзүңдү сагынам.

[Кайырма]

Арстан Абдылдаев, Арстан Абдылдаев, Бир өзүңдү сагынам, Бир озунду сагынам сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

26.06.2016