Таптым сени сөзі

Анапия Райымбекова

0
0

Бөлісу:


Таптым сени, таң жаркырап аткандай,
Жакшы китеп кызыгына баткандай.
Таптым сени, даабай турам кечкенге,
Толкун, дайра бет алдымдан аккандай.

Таптым сени, бийик ашуу ашкандай,
Таптым сени, жаңы дүйнө ачкандай.
Таптым сени, адамдыктын жолунан,
Өмүр бою жазып бүтпөс дастандай.

Таптым сени, тирүүлүккө ырахмат,
Таптым сени, суз көңүлүм болду шат.
Сенин мээрим көздөрүңдүн алдында,
Жашоо - бакыт, жашоо кандай ырахат!
Анапия Райымбекова, Анапия Райымбекова, Таптым сени, Таптым сени сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016