Сөзі
Билем кечиктим, эми жүрөм сагынып,
Тагдырымдын тартып жазганын.
Жашайм өзүң деп, үмүттөргө алданып,
Жан дүйнөмдүн жазган жалганын.
[Кайырма]
Убарамын мен сени унута албай,
Термелип ойлор бөлүп,
Кете албадым башкага көнүп
Кубанамын сенин көздөрүң эстеп
Жолуңду карап эңсеп
Жүрөмүн издеп.
Келчи кайрылып, бирок унут өткөндү,
Экөөбүздү бөлгөн жалганды.
Бирге кечебиз, ушул турмуштун жолун,
Аттап өтүп күйүт, арманды.
[Кайырма]
Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).