Күнөөсүз махабат Айпери Кубик кызы

0
0

Бөлісу:


Сөзі



Өзүмдөн өзүм адашам,
Өзгөчө мени карасаң.
Өзүңсүз толуп жүрөгүм,
Өрт болуп күйүп баратам.
Сүйлөсөм сөздөн адашам,
Сен дайым мени карасаң.
Сүйүүгө толгон жүрөктүн
Сырларын кантип мен ачам?

[Кайырма]
Көздөрүң кадалат,
Жүрөктү жаралап.
Негедир азгырат
Күнөөсүз махабат.

Канча бир мүнөт санасам,
Кайдадыр учуп баратам.
Кайгыга толгон жүрөктү
Канткенде сага мен айтам?
Ай чыгып, күн да кеч батат,
Ойлорум менен таң атат.
Арналаган сага жүрөктө
Ушул ыр болсун бет ачар.

[Кайырма]




Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Пікірлер
Айка
14 Наурыз 2017

Айпери Кубик кызы уну абдан жагат татынакай келишимдуу озунун ишин мыкты билген айым ырлары да сонун ийгилик...

Қосқан

25.06.2016