Бөлісу:


Тат десең ууну татайын,
Дартымды ичке катайын.
Ашыгын күткөн жолугуп,
Ай болуп , ай болуп тоодон батайын.

Уурттасаң балды уурттайын,
Ууртуңдан сүйүп жыттайын.
Жан азык кылып күлкүңдү,
Жаныңдан, жаныңдан алыс чыкпайын.

Дем берген ичтен жашыруун,
Делбирим сага баш урдум.
Өзүңдөн таптым байланып,
Өмүрдүн, өмүрдүн алтын казыгын.

Гүлдөрдүн барктуу гүл барын,
Күндөрдүн барктуу гүлдөрүн.
Көзүмдөн кайра окудуң,
Көңүлдүн, көңүлдүн мендик сырларын.

Айнура Салахидинова, Санжар Бердибеков, Айнура Салахидинова, Санжар Бердибеков, Делбирим, Делбирим сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016