Ким билет lyrics

Жийдеш

2016

0
0

Share:


Каякта бийик адамдык,
Жарыкка неге жаралдык, ким билет?
Жалындап эми жашагын,
Жакшылык элге жасадың, ким билет?
Жаңы, жаңы, жаңыра,
Ырга, нурга жанып-бөлөн, дайыма жадыра.
Дагы, дагы, дагы да,
Элге, жерге, күйүп-жанып, сүйүүгө дарыла.

[Кайырма:]
Жайнагыла, ар бир күн айлангыча майрамыңа,
Талбагыла, талпынып бакыт кушун кармагыла.
Көрк кошуп таалайыңа,
Өмүрдү баалагыла.

Уюган алтын оюбуз,
Узунбу деги жолубуз, ким билет?
Жебедей алга атыла,
Кайда барам ашыга, ким билет?
Жаңы, жаңы, жаңыра,
Ырга, нурга жанып-бөлөн, дайыма жадыра.
Дагы, дагы, дагы да,
Элге, жерге, күйүп-жанып, сүйүүгө дарыла.

[Кайырма:]
Жайнагыла, ар бир күн айлангыча майрамыңа,
Талбагыла, талпынып бакыт кушун кармагыла.
Көрк кошуп таалайыңа,
Өмүрдү баалагыла.

Кара күнгө батып, күйүнбөгүн,
Көңүл чөккөн кезиңде.
Кабагыңды ачып,
Күн жашасын күйүп-жанып сезимде.

[Кайырма:]
Жайнагыла, ар бир күн айлангыча майрамыңа,
Талбагыла, талпынып бакыт кушун кармагыла.
Көрк кошуп таалайыңа,
Өмүрдү баалагыла.

Сөзү: Кыялбек Урманбетов
Жийдеш, Ким билет lyrics, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Айка

19 2017

супер

Admin

Added Lyrics

30.04.2016
Music Videos
Жийдеш
Ким билет