Энемден башка энем жок lyrics

Жеңишбек Жумакадыр

0
0

Share:


Эгиздей айым эне сен,
Эркелеп өскөн мен эсен.
Эх, тагдыр, неге татаалсың?
Энекем жалгыз, энекем.

Кайрыма:
Турмушта сүзүп барам жай,
Тумардай тутуп бага албай.
Балаңды, эне, кечиргин,
Бактыңды турсам таба албай.

Эмнеге бердим күчүмдү?
Эмгиче таппайм бүтүмдү.
Эх, эне, кантип актаймын,
Эмизген эмчек сүтүңдү?

[Кайырма]

Өксүгү болбой, кейиш жок,
Өкүмү болбой, өлүш жок.
Эх, чиркин, өзөк өртөнөт,
Энекең күлбөй, бейиш жок.

[Кайырма]

Тереңден өткөн терең жок,
Тек күндөй ысып, денем чок.
Эх, өмүр, эки келсечи?!
Энемден өткөн энем жок.
Энемден башка энем жок.

Кайрыма:

Жеңишбек Жумакадыр, Энемден башка энем жок lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016