Ата сөзү lyrics

Жеңишбек Айтиев

0
0

Share:


Ичирдим, кийинттим кастарлап,
Үйрөттүм, чоңойттум кас-кастап.
Үйлөдүм, үй бөлдүм, эми уулум,
Бизди кой, өзүңдү өзүң бак.

Жашыңдан сүйүүгө берилбе,
Көйрөңдөй, көңдөйдөй сезилбе.
Дүнүйөң жок болсо, жок болсун,
Уятың бар болсун бетиңде.

Басарсың тоолордо, түздөрдө,
Бактылуу боло көр чоң жолдо.
Атанын, эненин кадырын,
Билерсиң балалуу болгондо.

Жеңишбек Айтиев, Ата сөзү lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016