Жамиля Муратова Ак кайың (2015) lyrics

Ак кайың lyrics

Жамиля Муратова

2015

0
0

Share:


Жарашыктуу жаштайын,
Жадырыган жаз сайын.
Жаш күнүмдөн тең өскөн,
Жакшынакай ак кайың.

Кайырма:
Бутагыңа коноюн,
Кыштын жолун тороюн.
Жаштыгыңды менден ал,
Аккан сууң болоюн.

Тамашалуу жаштайын,
Тармалдаган жаз сайын.
Тай күнүмдөн тең өскөн,
Татынакай ак кайың.

Кайырма:

Мен да өзгөрдүм сен көрдүң,
Мен да көрдүм өнгөнүн.
Жаштыгымды кайра бер,
Сурабайм андан бөлөгүн.

Кайырма.






GM

Added Lyrics

11.02.2016