Ырыскелди Осмонкулов Садагам Оштой жеримден lyrics

Садагам Оштой жеримден Ырыскелди Осмонкулов

0
0

Share:


Lyrics



Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу?
Көркөмүң дагы арттырып,
Көпөлөк болуп консомбу?

Сук артат көптөр жериме,
Айлантып сууну чачсамбы?
Ансайын көркүң арттырып,
Ак марал болуп барсамбы?

[Кайырма]
Сактасын суук көздөрдөн,
Садагам Оштой жеримди.
Сулайман пирим колдосун,
Жоо жүрөк, баатыр элимди.

Колумдан келсе, туулган жер,
Көз тумар болуп тагылсам.
Уулуңду кимдер талашмак,
От-жалын болуп жагылсам.

[Кайырма]




Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Added

06.07.2016


shinline.kz / Создание сайтов - https://ima.kz