Ырыскелди Осмонкулов Бейконок lyrics

Share:


Lyrics



Ойлоп өмүр белестей,
Ошо сени эстедим
Калаасында жаштыгымдын
Кызгалдак болуп элестетем
Гүлүн ачкан курагыңда
Күүлөрүң турат кулагымда
Кантип сезбей калдым экен,
Кадырыңды убагында.
Убайымың жанга баткан
Уйкум кайда качкан
Бактыбызды кайрып алып
Баштасак кантет кайра баштан
Мени кееде ойлойсуңбу,
Мээримиң төгүп койбойсуңбу.
Салсаң мени капасыңа,
Сайрай берем торгой сындуу

[Кайырма]
Эргип жаным сен дегенде
Батпай элге, жерге
Серпилемин, сени эстегенде
Келсең эмне ,келсең эмне,
Бүгүн жанды кейитпей
Мени кейитип, дүйнөмү кемитпей

Окшойм күн желесине,
Жетпейм элесиңе
Түз жолуман күтүп алчу,
Ишен сүйүү кемесине.
Сыныңа мен толомунбу,
Сыздатпа эски оорумду.
Чачылбайын тосуп алчы,
Чакырбаган коногуңду.

[Кайырма]
Эргип жаным сен дегенде
Батпай элге жерге
Серпилемин, сени эңсегенде
Келсең эмне ,келсең эмне,
Бүгүн жанды кейитпей
Мени кейитип, дүйнөмү кемитпей



Скачивайте наши приложения на плеймеркетах App Store и Казакша андер 2022 скачать (Google Play).




Added

06.07.2016


shinline.kz / Создание сайтов - https://ima.kz