Урмат Усенов, Султан Садыралиев Сен келээрсиң (2015) lyrics

Сен келээрсиң lyrics

Урмат Усенов, Султан Садыралиев

2015

0
0

Share:


Сен келерсиң бир күнү,
Аруу таңды аралап.
Шүүдүрүмдөй карегиң,
Ак чыныда карагат.



Сен келерсиң бир күнү,
Нур жүзүңдөн чачырап.
Айдыңыңдан көзүңдүн,
Баратамын магдырап.

Шамалына жытыңдын,
Азгырылам артыла.
Карааныңа атыңдын,
Баргым келет батыраак.
Кайдан, качан белгисиз,
Сен келерсиң бир күнү.

Сен келерсиң бир күнү,
Ызгаарымдын жолунда.
Илебиңдин кайтпаган,
Жылынайын отуңа.

Сен келерсиң бир күнү,
Адаштырып акылдан.
Араң турган жаным, ай,
Ала качып закымдап.






GM

Added Lyrics

15.02.2016