Share:


Жүрөмүн элесиңден карыш калбай,
Кыйналам жүрөгүңө жол таба албай.
Түшүнбөйм деги кайда баратамын,
Акылым жүрөгүмдү башкара албай.

[Кайырма]

Жүрөккө барчу жолду билген барбы?
Жүрөгүм жипсиз сага байланабы?
Тагдырым башка экенин жакшы билем,
Арзуулар же арманга айланабы?

Кабагын карыш түйгөн булут болуп,
Турамын нур көздөрүм жашка толуп.
Сен үчүн азап чегип өтөөрүм чын,
Бир жылуу көз караштын кулу болуп.

[Кайырма]
Түмөнбай Колдошов, Арзуу lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

эля

11 2016

эн жакшы!!!

жоодорбек

12 2016

жакшы ыр

GM

Added Lyrics

04.09.2016