Токтобүбү Черикчиева Сүйүп жүрдүм (0) lyrics

Сүйүп жүрдүм lyrics

Токтобүбү Черикчиева

0
0

Share:


Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм,
Назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм.
Кечигип көп көрүнбөй калганыңда,
Кусама чыдай албай ыйлап жүрдүм.

Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар,
Деген сөз анык экен акылмандын.
Жолугуп мени сүйгөн бир адамга,
Сен деген жүрөк дартын алып салдым.

Сен эми мен жөнүндө ойлобогун,
Мен сенден ушунчалык алыстадым.
Мен дагы сен жөнүндө ойлобоймун,
Сен менден ушунчалык алыстадың.






GM

Added Lyrics

04.07.2016