Токтобүбү Черикчиева Махабатка ишеним (0) lyrics

Махабатка ишеним lyrics

Токтобүбү Черикчиева

0
0

Share:


Мындай таалай ээлебегем Теңирден,
Мындай күндү күтпөгөнмүн же бир мен.
Эсим эки болуп турат, эркетай, эркетай,
Эриниңдин даамы кетпей эринден.

Арга жоктур буйругуна Кудайдын,
Аттиң, эрте көрбөгөнүм - бул айыбым.
Жакшы жатып, жакшы түш көр десем да,
Кош дегенге кантип гана чыдаймын?

Үн алышып бир жүрөккө бир жүрөк.
Үнсүз, сөзсүз көшүлөсүң үргүлөп.
Арта калсаң ак жумуру билегиң,
Ак алкымың үлбүрөктөн үлбүрөк.







GM

Added Lyrics

03.07.2016