Темир Назаров Өрүкзарга кетели (0) lyrics

Өрүкзарга кетели lyrics

Темир Назаров

0
0

Share:


Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.

Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.

Каректерге жашырып сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздарды чакырып койнубузга,
Өткөрөлү экөөлөп түнүбүздү.






GM

Added Lyrics

03.07.2016