Таалай Эшмурзаев Жыргалым (2016) lyrics

Жыргалым lyrics

Таалай Эшмурзаев

2016

0
0

Share:


Жаныңдан өтсөм жылмайып,
Жалт карайм сени кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң айтчы кимде айып.

Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйөт жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.
Сүттөн ак менин тилегим.

Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.

Айтырбай жүрөк сырларын,
Ардактап жаштык ырларын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло жыргалым.

Сөзү: М.Осмонов
Обону: А.Кадыров






Admin

Added Lyrics

23.04.2016
Music Videos
Таалай Эшмурзаев
Жыргалым